Садыр Жапаров Тоңдун акимин Таласка мэр кылып дайындады

Жаңы мэр 36 жашта, аким болгонго чейин Айдаркен шаарын башкарган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Тоң районунун акими Байышбек Астанакуловду кызматынан бошотуп, Талас шаарынын мэри кылып дайындады.
Мамлекет башчынын маалымат кызматынан тиешелүү тескемеге Жапаровдун кол койгонун билдиришти.
Астанакулов Кадамжай районунун Жал айылында 1988-жылы 13-мартта туулган. Ал буга чейин Ош шаардык кеңешинде, Жалал-Абадда шаардык сотто жана Айдаркен шаарынын мэри болуп эмгектенген. Билими боюнча финансист, юрист.
Эске салсак, шаардын мурдагы мэри Эрмат Жумаев президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.
Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп дайындалды