ӨКМ кайрадан тоолуу аймактарда сел кооптуулугу бар экенин эскертти

Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. ӨКМ 17-августтан 19-августка чейин нөшөрлүү жамгыр күтүлгөнүнө байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында сел кооптуулугу бар экенин эскертти.
"Бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөбүз", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик чукул кырдаал жаралса 112 акысыз кызматына билдирүүнү өтүндү. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат.
Эске салсак, соңку учурда ӨКМ жамгырга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал экенин ар эки күндө эскертип, тоо-ташка чыкпай турууну өтүнүүдө.
Ысык-Көл облусундагы сел 17 турак үйдү каптап, көпүрөнү агызып кетти