Бүгүндөн баштап Нарын шаарында электробустар каттай баштады

Электробустар 36 орундуу, кондиционери, пандусу бар экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Бүгүндөн баштап Нарын шаарында беш электробус каттамга чыга баштайт. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Эми калаанын РТС чөлкөмүнө үч, Москва аймагына эки жаңы транспорт жүргүнчүлөрдү 10 сомдон ташымакчы.
"Нарын шаарынын элин коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатында Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд аркылуу жети жылга (1 жыл каникул) 4-8 пайыз бюджеттик насыя менен алынды. Ал 66 миллион сомго турду, мунун ичинде дүрмөттөй турган каражаттары да бар", — деп айтылат маалыматта.
Электробустар 36 орундуу, кондиционери, пандусу бар экени кошумчаланды.
Нарын шаары: коомдук жайларда акысыз интернет тараткан 20 түйүн орнотулат