Кыймылсыз мүлктү эми камсыздандыруу полиси жок сатууга болбойт

Турак жайды камсыздандыруу шаарларда жылына 1 200 сом, айылдарда 600 сом турат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыймылсыз мүлктү кайра каттатууда (сатуу, белекке берүү, мураска калтыруу, күрөөгө коюу жана башка) камсыздандыруу полиси талап кылынат.
Маалыматка ылайык, өкмөттүн тиешелүү токтому 9-августта кабыл алынган.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы турак жайды камсыздандыруу мүлктү коргоо гана эмес, ар бир үй-бүлө үчүн финансылык коопсуздуктун маанилүү аспектиси экенин белгилеген. Турак жай камсыздандырылган болсо ар кандай кырсыктарда, сел, өрт жана башка күтүүсүз учурларда мамлекет чыгымды жаап берери айтылган.
Мамлекеттик камсыздандыруу компанияларында турак жайды камсыздандыруу шаар жерлеринде жылына 1 200 сом, айыл жеринде 600 сом турат.
Эми автоунаалар ОСАГО келишими жок кайра катталбайт