12 жылдык окуу боюнча алгачкы аттестат качан берилип баштаары айтылды

Министр 12 жылдык билим берүүдө бүтүрүүчүлөргө аттестат жана кесиптик сертификат тапшырылмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. 12 жылдык билим боюнча алгачкы аттестат 2028-2029-окуу жылында берилерин билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Ал социалдык тармак аркылуу түз эфирде жарандардын "балдар алты жаштан окуйбу" деген суроосуна жооп берген.
"12 жылдык окууга өтүүдө эки жыл — даярдык мезгил. Быйыл окуу китептерди, билим берүү стандарттарын даярдайбыз. Алты жаштагы балдар мурдагысындай эле окуйт. Эмдиги жылдан баштап гана 12 жылдыкка өтө баштайбыз. Алгачкы 12 жылдык аттестатты ортодогу үч деңгээлдеги секирик менен 2028-2029-окуу жылында алып калышат", — деген министр.
Ошондой эле ал бүтүрүүчүлөргө аттестат жана кесиптик сертификат берилерин кошумчалады.
ЖОЖдордогу окууга төлөгөн акчанын өсүшү боюнча министр түшүндүрмө берди