Ысык-Көлдө чагылган тийип 60 баш кой өлдү. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда чагылган тийип 60 майда жандык өлдү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ саат 17:30дар чамасында Көл-Төр айылынын Кичи-Аңги жайлоосунда болгон.
Жерине техника бара албагандыктан жарандык коргонуу кызматынын комиссиясы бүгүн ат менен барары белгиленди.
Чагылгандан кантип сактануу керек? ӨКМдин эскертүүсү