АКШда кыргызстандык 38 жаштагы аял автокырсыктан каза болду

Соттук-медициналык экспертизадан кийин маркумдун сөөгүн өлкөгө алып келүү маселеси каралары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. АКШда кыргызстандык 38 жаштагы аял автокырсыктан каза болду. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси каралат.
"Америка Кошмо Штаттарынын Пенсильвания штатынын Карбон округундагы I-80 (Interstate) штаттар аралык автомагистралда жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен 1986-жылы туулган Б.С. аттуу КР жараны окуя болгон жерде каза тапканын билдирет", — деп айтылат.
Элчилик АКШнын ыйгарым укуктуу органдарынын кызматкерлери, маркумдун жакындары менен байланышта болуп, аларга зарыл консулдук-укуктук жардам көрсөтүп жатканы кошумчаланды.
Буга чейин ЖМКларда Америкада трак айдаган келин каза болуп, анын сөөгүн алып келүүгө каражат топтоо жүрүп жатканы жазылган.
АКШда кыргызстандыктын сабалышы боюнча окуяны ТИМ көзөмөлүнө алды