Россиядагы кыргыз кыздарга эскертүү бергендер менен ИИМ өкүлчүлүгү жолукту

Видеодо Москвадагы 40ка чукул жашыраак курактагы кыргызстандыктар кыргыз улутундагы кыз-келиндерге жүрүм-туруму боюнча эскертүү берген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. ИИМдин РФтеги өкүлчүлүгү коомчулукка чуу жараткан видеокайрылуу жасаган жарандар менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Кечээ социалдык тармакка Москвадагы 40ка чукул жашыраак курактагы кыргызстандыктардын кыргыз улутундагы кыз-келиндерге жүрүм-туруму боюнча эскертүү берип кайрылган видеосу тараган.
ИИМдин маалыматы боюнча, алардын аты-жөнү такталып, өкүлчүлүккө чакыртылган.

"Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ар бир жарандын укугу мыйзамдын негизинде корголо тургандыгы эскертилди. Алар өзү билемдик менен мыйзамдарды бузбай турган болушту", – деп айтылат маалыматта.

Милициядан мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпой турганын да эскертишти.
Изилдөө: россиялыктардын 81 пайызы мигранттарга оң көз карашта