Доллар, евро кымбаттады. Апта ичиндеги валюта курсуна талдоо

Sputnik Кыргызстан адатка айланган жума ичинде валюта курсуна талдоо жүргүздү.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. 12-августтан 16-августка чейин валютанын курсу кандай өзгөргөнүнө саресеп салдык.
Доллар
Сатып алуунун орточо курсу 28 тыйын кымбаттап 85,72 сомго, сатуунун орточо курсу 29 тыйынга жогорулап 86,2 сомго жетти. Сатуунун төмөнкү босогосу 86,2 сом (аптада 30 тыйын кошулган), ал эми "биржада" доллар кымбатыраак, 86,3 сом болууда. Курс шейшемби күнү өсүп, ошол бойдон дээрлик өзгөргөн жок.
Евро
Сатып алуу жана сатуунун орточо баасы 76-77 тыйынга өстү. Учурда сатуу курсу 93,62 сом, сатып алуу 94,61 сом болууда.
Рубль
Сатып алуу курсу (94,7 тыйын) өзгөргөн жок, ал эми сатуу курсу (98,6) 0,3 тыйынга арзандаган.
Теңге
Казак валютасынын баасы сезилгидей деле өзгөргөн эмес.
Күн сайын расмий курсу жарыяланган валюталардын катарына юань кошулат