Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионат өтөт

Мелдештин биринчи күнү президенттин кубогунун алкагында алп балбандардын күрөшү болот.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. 22-23-августта Кыргыз күрөшү боюнча президенттин кубогу жана дүйнөлүк чемпионат өтөрүн Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Ага ылайык, мелдештин биринчи күнү президенттин кубогунун алкагында жогорку салмактагы балбандардын күрөшү болот. Ага Кыргызстандын атынан абсолюттук салмактагы спортчулар Бактияр Мирлан уулу жана Бекболот Токтогонов катышат.
Мелдешке 35 өлкөдөн 200дөн ашык балбан катышары күтүлүүдө. Жалпы байге фонду 1 миллион сомду түзөт.

Курама команданын тизмеси:

Эркектер арасында:
Бакберди Туратбек уулу, Сыматбек Алымбеков — 60 килограмм;
Арлен Эстебесов, Бекболсун Сатканкулов — 66 килограмм;
Бекбай Мамбетказиев, Малик Төлөгөнов — ؅72 килограмм;
Хабибулло Тынчтыкбек уулу, Айболот Аманов — 78 килограмм;
Азизхан Мусабек уулу, Анвар Муратбек уулу — 84 килограмм;
Айдар Ботбаев, Баястан Идирисов — 90 килограмм;
Ноорузбек Мирланбеков, Асанкелди Нускасым уулу — 96 килограмм;
Ороз Алмазбеков, Бактияр Мирлан уулу — +96 килограмм.
Кыз-келиндер арасында:
Бегай Бешенаалы кызы, Бегайым Акбалаева — 60 килограмм;
Аземи Камчыбекова, Айдана Кубанычбекова — 65 килограмм.
Назира Арзыбекова, Айкөл Зияпова — +65 килограмм.
Курама команда башкы машыктыруучу Нурбек Кожобеков жана улук машыктыруучу Азизбек Айтмурза уулунун жететчилиги алдында мелдешке катышары кошумчаланды.
Кыргызстандык 25 өспүрүм күрөш боюнча дүйнө чемпионатына барат