Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

WP: Белгородго кол салмак болгон Украина чоң жоготууга учурады

Ок жамгырдай жаагандыктан аман калган украиналык жоокерлер бир нече күн бою россиялык окоптордо жашырынып жатышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүнүн Россиянын Белгород облусуна кол салуу аракети ишке ашпай, украин тарап көп жоготууга учурады. Бул тууралуу америкалык Washington Post гезити жазды.
Купуялуулук шарты менен Украина Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери жана бир командири Белгород облусу танкага каршы каражаттар менен тосулуп, миналанганын, украиналыктар дароо эле артиллерия менен дрондордун аткылоосуна туш болгонун айтып беришкен.
Хакер каймана аттуу аскер анын тайпасы Белгороддун Колотиловка аймагына кирүүгө аракет кылары менен сокку алганын, көп адам жарадар болгонун билдирди. Анын айтымында, украиналыктар территория менен тааныш болгон эмес.
"Көбү контузия алып, оор жарадар болушту, өлгөндөрдү таштап кетүүгө аргасыз болдук. Ок жамгырдай жаагандыктан аман калгандарыбыз бир нече күн бою техника келгиче орустардын окобунда жашырындык", — деп айтып берген жоокер.
Дүйшөмбү күнү Белгороддун губернатору Вячеслав Гладков Украина Куралдуу күчтөрүнүн активдешүүсүнөн улам тургундар коопсуз аймактарга чыгарылып жатканын билдирген. Кийинчерээк районго кирүүгө тыюу салынып, элдин мал-мүлкү кайтарууга алынган. Шаршемби күнү эвакуацияланган жашоочулар үйлөрүнө кайта башташкан.
Ушгу тапта Курск, Белгород жана Брянск облустарында элдин коопсуздугун камсыздоо максатында контртеррордук операция режими иштеп жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Украина чырынын күчөп кетүү тобокелдигинен чочулап турат