Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ Украина чырынын күчөп кетүү тобокелдигинен чочулап турат

Ушу тапта Белгород жана Брянск облустарында элдин коопсуздугун камсыздоо үчүн контртеррордук режим иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. АКШ Украина Куралдуу күчтөрүнүн аракеттеринен улам украин чыры күчөп кетиши мүмкүн деп тынчсызданууда. Бул тууралуу Пентагондун расмий өкүлүнүн орун басары Сабрина Сингх брифинг учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.
"Албетте, эскалацияга тынчсызданып жатабыз. Россия кайсы бир нерсеге жооп кайтарбаса колунан келбейт деп түшүнбөш керек", — деди ал.
Сингх Украина Куралдуу күчтөрүнүн аракетине Москва тараптан болчу реакция тууралуу суроого жооп берген. Ал америкалык администрация кырдаалдын курчуп кетүү тобокелдигин дайым эске аларын айтып, буга карабай Киевге колдоосун уланта берерин белгиледи.
Ал эми украин армиясынын Курск облусуна болгон кол салуусуна комментарий берип жатып, Сингх Вашингтон Украина Куралдуу күчтөрүнүн максаты тууралуу көбүрөөк билүүгө аракет кылып жатканын кошумчалады.

Курскидеги кырдаал

6-август күнү Украина Куралдуу күчтөрү Курск облусунун аймагына кирип барган. Каршы тараптын чабуулу токтотулган. Россия Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов операция душмандын талкаланышы жана украин согушкерлеринин мамлекеттик чек арага чыгарылышы менен аяктай турганын билдирген.
Коргоо министрлигинин Башкы аскердик-саясий башкармалыгынын жетекчисинин орун басары жана "Ахмат" спецназынын командири Апти Алаудинов украин аскерлеринин алдында Курск облусундагы стратегиялык объектилерди жана Белгороддун бир бөлүгүн басып алуу максаты болгонун айткан.
Ушу тапта Белгород жана Брянск облустарында элдин коопсуздугун камсыздоо үчүн контртеррордук режим иштеп жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Ак үй: Киевдин Курскиге жасалган чабуулуна АКШнын тиешеси жок