17-августка карата аба ырайы

17-августка караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. 17-август, ишембиде, тоолуу жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөсө, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл жергесинде +25…+30, Нарын өрөөнүндө +26...+31 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +32...+34, Ош шаарында +35...+37 градус болсо, Ал эми Чолпон-Атада +26...+28 градуска чейин көтөрүлөт.
Жакынкы күндөрү таш кулап, сел жүрүшү мүмкүн болгон жерлер. Тизме