Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров Тоң районунун акими Байышбек Астанакуловду кызматынан бошотуп, Талас шаарынын мэри кылып дайындады. Мамлекет башчынын маалымат кызматынан тиешелүү тескемеге Жапаровдун кол койгонун билдиришти. Астанакулов Кадамжай районунун Жал айылында 1988-жылы 13-мартта туулган. Ал буга чейин Ош шаардык кеңешинде, Жалал-Абадда шаардык сотто жана Айдаркен шаарынын мэри болуп эмгектенген. Билими боюнча финансист, юрист. Эске салсак, шаардын мурдагы мэри Эрмат Жумаев президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.
Чолпон-Ата шаарында билим берүү тармагындагы жаңычылдык чечимдер боюнча Кыргыз-Россия жарманкеси өтөт. Бул туурасында Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты. 19-20-августта Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган иш-чара мугалимдердин август конференциясындагы маанилүү учур болмокчу. Бул жарманке Россиянын Агартуу, илим жана жогорку билим берүү министрлиги, Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулууда. Башкы тема Россия менен Кыргызстандагы билим берүү жана илим тармагындагы жетишкендиктерди жайылтуу экенин билдиришти. Жарманкеде 135 лекция, семинарлар жана мастер-класстар өткөрүлүп, ага 80ден ашык уюмдардын өкүлдөрү катышмакчы. Министрликтен иш-чарага 400гө чукул катышуучулардын келери күтүлүп жатканын айтышты.
22-23-августта Кыргыз күрөшү боюнча президенттин кубогу жана дүйнөлүк чемпионат өтөрүн Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты. Ага ылайык, мелдештин биринчи күнү президенттин кубогунун алкагында жогорку салмактагы балбандардын күрөшү болот. Ага Кыргызстандын атынан абсолюттук салмактагы спортчулар Бактияр Мирлан уулу жана Бекболот Токтогонов катышат. Мелдешке 35 өлкөдөн 200дөн ашык балбан катышары күтүлүүдө. Жалпы байге фонду 1 миллион сомду түзөт.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн Россиянын Белгород облусуна кол салуу аракети ишке ашпай, украин тарап көп жоготууга учурады. Бул тууралуу америкалык Washington Post гезити жазды. Купуялуулук шарты менен Украина Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери жана бир командири Белгород облусу танкага каршы каражаттар менен тосулуп, миналанганын, украиналыктар дароо эле артиллерия менен дрондордун аткылоосуна туш болгонун айтып беришкен. Хакер каймана аттуу аскер анын тайпасы Белгороддун Колотиловка аймагына кирүүгө аракет кылары менен сокку алганын, көп адам жарадар болгонун билдирди. Анын айтымында, украиналыктар территория менен тааныш болгон эмес. "Көбү контузия алып, оор жарадар болушту, өлгөндөрдү таштап кетүүгө аргасыз болдук. Ок жамгырдай жаагандыктан аман калгандарыбыз бир нече күн бою техника келгиче орустардын окобунда жашырындык", — деп айтып берген жоокер. Дүйшөмбү күнү Белгороддун губернатору Вячеслав Гладков Украина Куралдуу күчтөрүнүн активдешүүсүнөн улам тургундар коопсуз аймактарга чыгарылып жатканын билдирген. Кийинчерээк районго кирүүгө тыюу салынып, элдин мал-мүлкү кайтарууга алынган. Шаршемби күнү эвакуацияланган жашоочулар үйлөрүнө кайта башташкан. Ушу тапта Курск, Белгород жана Брянск облустарында элдин коопсуздугун камсыздоо максатында контртеррордук операция режими иштеп жатат.