Өлкөдө дан эгиндеринин 60 пайызы жыйналды — түшүмдүүлүк былтыркыдан жогорубу?

Sputnik
Өлкөдө кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо башталды. Учурда эл жазда эккен эмгегинин түшүмүн жыйнап, кампасын данга толтуруп турган чак. Чүй облусунда кылкандуу дан эгиндердин 85 пайызы жыйналды. Мында арпа, буудайдын түмүшмдүүлүгү гектарына 30 центнерди түздү. Ош, Жалал-Абад, Баткенде оруп-жыйноонун 98 пайызы бүркөрүлүп, үч центнерден көбүрөөк түшүм алынды. Оруп-жыйноого 1000 жакын комбайн тартылды.
Бул тууралуу Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментинин директорунун орун басары Жыргалбек Бардыбаев ошондой эле Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр-жайы министрлигинин чечимдерди ишке ашыруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бакытбек Орозакунов айтып берди.