Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
ӨКМ 17-августтан 19-августка чейин нөшөрлүү жамгыр күтүлгөнүнө байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында сел кооптуулугу бар экенин эскертти. "Бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөбүз", — деп айтылат маалыматта. Министрлик чукул кырдаал жаралса 112 акысыз кызматына билдирүүнү өтүндү. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат. Эске салсак, соңку учурда ӨКМ жамгырга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал экенин ар эки күндө эскертип, тоо-ташка чыкпай турууну өтүнүүдө.
Оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча күбө, шектүү, жабырлануучу же айыпталуучулар соттун чечими чыкканга чейин Кыргызстандын жарандыгынан чыга албайт. Өкмөт бул жааттагы "КР жарандыгы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп, документ Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылды. Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору карама-каршылыктарды жоюу жана жарандык маселелерин кароону жөнгө салуу максатында иштелип чыккан. Мыйзам долбоорунндаата-энеси же экөөнүн бири Кыргызстандын жараны болсо бала туулган жерине жана чет мамлекеттин жарандыгы бар болгондугуна карабастан кыргызстандык деп эсептелеттөрөлгөнү боюнча чет өлкөнүн жарандыгын алган баланын ата-энеси Кыргызстандын жарандыгынан баш тартуу боюнча арыз бербесе, ата-энесинин бири КРдин, ал эми экинчиси чет өлкөлүк же жарандыгы жок болсо бөбөк кыргызстандык болуп саналат;
Чолпон-Ата шаарында билим берүү тармагындагы жаңычылдык чечимдер боюнча Кыргыз-Россия жарманкеси өтөт. Бул туурасында РФтин КРдеги элчилигинен кабарлашты. 19-20-августта Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган иш-чара мугалимдердин август конференциясындагы маанилүү учур болмокчу. Жарманкени өткөрүү демилгесин билим берүү жана илим министри Доктургүл Кендирбаева орус тилинде билим берген мектеп директорлорунун былтыр күздө өткөн форумунда көтөргөн эле. Бул жарманке РФтин Агартуу, илим жана жогорку билим берүү министрлиги, Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулууда. Башкы тема Россия менен Кыргызстандагы билим берүү жана илим тармагындагы жетишкендиктерди жайылтуу экенин билдиришти. Иш-чарага Россия тараптан алдыңкы билим берүү жайлары, илимий мекемелер катышат. Тизмеде Курчатов институту, "Сириус" университети, Илим жана технология боюнча Сколковский институту, Жогорку экономика мектеби, Санкт-Петербургдагы мамлекеттик университет, Петр атындагы политехникалык университет сыяктуу бир топ окуу жайлар бар. Андан сырткары, Евгений Примаков атындагы облустук гимназия, "Артек" жана "Орленок" эл аралык жана бүткүл россиялык балдар борборунан да өкүлдөр келишмекчи.
Украин армиясынын Курск облусуна чабуулун пландоодо НАТО менен Батыштын атайын кызматы катышса да АКШ Киев режиминин кылмыштарына тиешеси жок деп калп айтууда. Бул туурасында РФ лидеринин жардамчысы Николай Патрушев билдиргенин РИА Новости жазды."АКШ жетекчилигинин Киевдин Курск облусундагы кылмыштарына катышы жок дегени калп", — деген ал "Известия" басылмасына берген интервьюсунда.Мамлекет башчынын жардамчысы Вашингтондун "айтканы менен кылганы башка" экенин баса белгилеген. Анын айтымында, Штаттар артында туруп колдобосо, Украина Россиянын аймагына карата операцияларды жасоого даамак эмес.Патрушев муну менен катар эле азыркы киевдик режимди Батыш түптөгөндүгүн эске салган. НАТО мамлекеттери Украинаны курал, аскердик инструктор, чалгын маалыматтары менен камсыздап, армияны башкарып турарын айткан.