Эс алуучу жайлардагы аттракциондорду иштетүүнүн коопсуздугун ким текшерет?

Sputnik
Эс алуу жайларындагы соңку учурларды эске алуу менен Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги №171 токтому менен бекитилген "Аттракциондорду коопсуз иштетүү" эрежелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Анын негизинде учурда туристтик сезон башталган Ысык-көлдө аттракциондордун, механизациялаштырбаган оюн-зоокторго карата рейд жүрүп, түшүндүрүү иштери, эскертүүлөр берилди.
Жылда жаз мезгилинде аттракциондорду иштетүүнүн коопсуздугу текшерилип турарын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын өнөр-жай коопсуздук башкармалыгынын улук инспектору Гүлайым Исманбекова маалымдады.