Суу ресурстары кызматына караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү мамлекеттик ишканасы 14 айылдагы 68 000 тургунду таза суу менен камсыз кылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.Мекеме учурда суу чыгаруу иштери жүрүп жаткан айылдар тууралуу да маалымат берди. Ага Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 95 айылды камтыган долбоор дагы ишке ашырылууда. Анын ичинен бүгүнкү күндө 68 айылда иштер жүрүп жатат. Долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланууда.Ошондой эле Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб, Мырзаке жана Дөң-Булак айыл аймактарындагы жети айылды суу менен камсыздоо долбоору да аяктаар алдында турганын белгилешти."Азыркы тапта дагы 260 айылда долбоорлоо-сметалык жана курулуш иштери жүрүп жатат. Бул республикалык бюджеттен каржыланат", — деп айтылат маалыматта.
Бүгүндөн баштап Нарын шаарында беш электробус каттамга чыга баштайт. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.Эми калаанын РТС чөлкөмүнө үч, Москва аймагына эки жаңы транспорт жүргүнчүлөрдү 10 сомдон ташымакчы. "Нарын шаарынын элин коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатында Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд аркылуу жети жылга 4-8 пайыз бюджеттик насыя менен алынды. Ал 66 миллион сомго турду, мунун ичинде дүрмөттөй турган каражаттары да бар", — деп айтылат маалыматта.Электробустар 36 орундуу, кондиционери, пандусу бар экени кошумчаланды.
22-23-августта Кыргыз күрөшү боюнча президенттин кубогу жана дүйнөлүк чемпионат өтөрүн Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.Ага ылайык, мелдештин биринчи күнү президенттин кубогунун алкагында жогорку салмактагы балбандардын күрөшү болот. Ага Кыргызстандын атынан абсолюттук салмактагы спортчулар Бактияр Мирлан уулу жана Бекболот Токтогонов катышат.Мелдешке 35 өлкөдөн 200дөн ашык балбан катышары күтүлүүдө. Жалпы байге фонду 1 миллион сомду түзөт.Курама команда башкы машыктыруучу Нурбек Кожобеков жана улук машыктыруучу Азизбек Айтмурза уулунун жететчилиги алдында мелдешке катышары кошумчаланды.
Кореяда ири суммадагы каражатын алдатып жибергендерге элчилик көмөк көрсөтүп жатат. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, зыяндын жалпы суммасы 1 миллион 252,3 миң долларды түзөт."Жабырлануучулар менен элчиликтин өкүлдөрү жолугушту. Маалымат боюнча кыргыз жарандары автоунаа, телефон жана башка товарларды өлкөгө ташуу менен алектенишет. Ал эми каражатты Tether криптовалюталык төлөм системасы аркылуу которуп иш жүргүзүп жүрүшкөн. Натыйжада аларды коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны алдап кеткени белгилүү болду. Жабыркагандар Кореянын укук коргоо органдарына кайрылган эмес. Элчиликтин сунушунан кийин арыз жазылып, Корея полициясынын киберкылмыштуулукка каршы бөлүмү тарабынан каралууда", — деп айтылат маалыматта. Өз кезегинде элчилик Кореянын ТИМине кайрылып ишти объективдүү жана ар тараптуу иликтөөгө жардам берүүнү өтүнгөн. Ошондой эле жабырлануучуларга өз компетенциясында көмөк көрсөтүп жатканы кошумчаланды.