Кыргызстанда алты айга чейинки кошумча тамаксыз эмчек сүтү менен гана багылган балдар аз. Себеби эмнеде?

Sputnik
Кыргызстанда 1-7-август күндөрү бүткүл дүйнөлүк эмчек эмизүү жумалыгы өттү. Иш-чара калк арасында эмчек эмизүү боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана колдоо максатын көздөйт. Эненин сүтү табигый эмдөө катары иштейт. Ал ымыркайларды оорулардан коргоп, керектүү азыктар менен камсыз кылат. Балдарыбыздын ден соолугун коргоо үчүн эмдөөнү колдогондой эле, Кыргызстандагы ар бир балага алгачкы күндөрүнөн баштап күч-кубат берүү үчүн эмчек менен эмизүүнү колдоого тийиш. Бирок, эне сүтүнүн пайдасы белгилүү болсо да, Кыргызстанда миңдеген балдар дагы эле эне сүтүнөн ажырап келишет.
Анын негизги себептерин Республикалык Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун дарыгери Марина Дуйшенкулова атады.