Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Мамлекеттик салык кызматы январь-июль айларында салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды азайтуу боюнча иш-чаралардын алкагында республиканын бюджетине 18 млрд 681,1 млн сом түшүүнү камсыздады. Ведомстводон билдиришкендей, бул суммадан салык карыздары боюнча 17 млрд 198,2 млн сом жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 1 млрд 482,9 млн сом өндүрүлгөн. 2024-жылдын 1-августуна карата республикада салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 253 миң 250 субъекттин жалпы 59,7 млрд сом карызы бар. Салык кызматы карыздарды кыскартуу үчүн заманбап санариптик куралдарды, анын ичинде маалыматтык базаны жакшыртууну, маалыматтарды талдоо үчүн маалыматтык системаларды жана салык төлөөчүлөр үчүн пайдалуу сервистерди киргизүүнү активдүү улантууда.
Кыргызстандын Социалдык фонду 2024-жылдын январь-июль айларында 35 миң 248 жаранга пенсия чектеди. Маалыматка ылайык, анын ичинде июль айында 1 миң 205 жаранга пенсия чектелди. Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 271 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.
Чолпон-Атадагы Суучулдар борборунда 10 өлкөнүн суучулдары тажрыйбасын жогорулатууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, адистер Казакстан, Россия, Сауд Араб Падышачылыгы, МалАйзия, Сербия, ПалестИна, Тунис, Мали, ИордАния, Ливандан келген. "Аларга ӨКМдин адистери бийик тоолуу аймакта 30 метр тереңдикке чейин чумкуу, суу астындагы авариялык-куткаруу, техникалык жумуштарды жасоо, биринчи жардам көрсөтүү, кесиптик ооруларды алдын алуу боюнча практикалык жана теориялык сабактарды өтүшүүдө", — деп айтылат маалыматта. Мындай тоо куткаруучулары жана суучулдары кесиптик тажрыйбаларын жогорулатуу максатындагы окутуулар жыл сайын өткөрүлүп турары кошумчаланды.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бош кызмат орундарга сынак жарыяланганын билдирди. Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине, Таластагы "Манас-Ордо" комплексине жана Бишкектеги Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайына башкы директорлор жумушка алынат. Кызматка барууну каалагандарда гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу, маданият жана искусство жаатында жогорку кесиптик билими; тиешелүү жаатта иш тажрыйбасы беш жылдан кем эмес же жетекчилик кызмат орундарында иш тажрыйбасы үч жылдан кем эмес болушу шарт ошондой эле илимий даражасынын болушу артыкчылыктуу. "Сулайман-Тоо" жана "Манас-Ордо" комплекстерине жумушка орношууну каалагандар документтерин Маданият министрлигинин адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө ушул жылдын 20-августуна чейин тапшырышы керек. Ал эми Бишкек хореографиялык окуу жайына башчы болууну каалагандар документтерин 26-августка чейин тапшырса болот.