"Өлүм жашоо үчүн, сүйүү күтүү үчүн керек". Виктор Цойду эскерген видео

34 жыл мурда ошол кезде даңкы таш жарып турган "Кино" тобунун лидери, акын, ырчы, актер жана художник Виктор Цой капыстан каза тапкан.
Sputnik
Анын "өлүм жашоо үчүн, сүйүү күтүү үчүн керек" деп айтканы көптөрдүн жүрөгүнөн орун алган.
...1990-жылдын 15-августу. Кырсык ырчынын өмүрүн Риганын жанында, Латвиядагы Слока-Талси жолунун 35-чакырымындагы тилкеден ушул күнү үзгөн.
Экспертиза Цойдун ошол жерден жан бергенин аныктаган. Каза болор алдында жазылган "Черный альбом" ырлар жыйнагы 1991-жылдын 12-январында чыккан.
Анын ырлары азыркыга чейин эл арасында кеңири ырдалып келет.