Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

WSJ: "Түндүк агым" түтүктөрү Залужныйдын буйругу менен жардырылган

Макалада германиялык тергөөчүлөрдүн аракетинин баары окуяга Залужный менен анын жардамчыларынын тиешелүүлүгүн далилдөөгө багытталганы айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Американын Wall Street Journal басылмасы өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен АКШнын Борбордук чалгын кызматы (ЦРУ) Владимир Зеленскийден "Түндүк агымда" диверсия жасоо буйругун жокко чыгарууну талап кылып, ал макул болгонун, бирок генерал Валерий Залужный буйрукту аткарбай койгонун жазды.
"ЦРУ Зеленскийден операцияны токтотууну талап кылган", — деп жазды гезит.
Макалада Вашингтондон көрсөтмө алган Зеленский генерал Залужныйга тиешелүү буйрук бергени, бирок ал баш ийбей "баштапкы планды өзгөртүп жибергени" айтылат.
Гезит "Түндүк агым" түтүктөрүн жардыруу планын алгач Зеленский жактырганын, операцияга байланышкан бардык буйруктар из жашыруу үчүн оозеки берилип келгенин жазды.
Басылма Украинанын күч түзүмдөрүндө жогорку кызматты ээлеп, "же жардырууга катышкан, же операция тууралуу маалыматты билген" төрт кишиге кайрылганын белгиледи. Сурамжылангандардын баары диверсия жасалып жаткан учурда Киев газ түтүктөрүн мыйзамдуу бута катары карап келгенин тастыкташкан.
Макалада германиялык тергөөчүлөрдүн аракетинин баары окуяга Залужный менен анын жардамчыларынын тиешелүүлүгүн далилдөөгө багытталганы айтылат. Иликтөөнүн жыйынтыгы Киев менен ага каражаттын басымдуу бөлүгүн жана аскердик техника берген Берлиндин мамилесин астын-үстүн кылышы мүмкүн экени белгиленди.
"Германиянын айрым саясий лидерлери аскердик колдоону алсыратпоо үчүн Украинанын күнөөсүн көрсөтүп жаткан далилдерге көңүл бурбоого даяр болгондур. Бирок өлкөнүн полициясы саясий жактан көз карандысыз, алардын иликтөөсү тыкыр жүрүп жатат", — деп жазган басылма.
Иликтөөнүн жүрүшү менен тааныш германиялык аткаминер "мындай масштабдагы чабуул НАТОнун жамааттык коргонуу жобосун иштетүүгө жетиштүү себеп" экенин белгиледи. Бирок, анын айтымында, Берлин курал-жарак менен камсыздаган Украинанын маанилүү инфраструктурасы талкаланып бүткөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Эксперт: Курск чабуулу боюнча Зеленский Украина генералдарына басым жасаган