Кыргызстандык Россияда 8-кабаттын терезесине чыгып алган бөбөктү куткарды

Сегизинчи кабаттын ачык терезесинде отуруп алган наристенин өмүрүнө кооптуулук жаралган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Кыргызстандык Аман Батырбеков Россиянын Нижневартовск шаарында үч жашар баланын өмүрүн сактап калды. Маалыматты Югра полиция бөлүмүнөн тастыкташты.
Маалыматка ылайык, бөбөк 8-кабаттын ачык терезесинде отуруп алгандыктан өмүрүнө кооптуулук жаралган.
"Баланын апасы аны керебетке бутунан байлап коюп кетип калган. Бирок ал ачык турган терезенин кырына чыгып, буюмдарды ыргыта баштаган. Муну байкап калган кыргызстандык Батырбеков 9-кабаттагы коңшусунукунан аркан менен түшүп, баланы куткарып калган", — деп жазылат маалыматта.
Аман Батырбеков тартип сактоо кызматкерлери келгенче күтүп турган. Кайдыгер карабаган кыргызстандыкка Югра полициясы ыраазычылык билдирген.
Аял чүрпөсүн аз убакытка эле таштаганын билдирген. ЖМКлар аялга баласын коркунучта калтырганы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын жазышууда.
Кыргызстандык кыз Москвадагы метродон адамды өлүмдөн сактап калды. Видео