Олимпиада оюндары — 2024

Мунарбек дагы, машыктыруучусу дагы батирлүү болду. Ош мэриясынын сыйы

Парижге барган үч спортчуга кичи мекенинде аргымак да мингизишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Ош мэриясы Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Мунарбек Сейитбек уулуна жана машыктыруучусуна батир, ошондой эле акчалай сыйлыктарды берди.
Спортчуларды бүгүн, 15-августта, салтанат менен тосуп алышкан. Алгач спортчуларды аба майдандан шаар бийлигинин өкүлдөрү жана туугандары күтүп алып, андан кийин унаалар менен шаар кыдырышып, эл алдында сыйлоо аземи болгон.
Ош мэриясы Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулуна үч бөлмөлүү батир жана 1 миллион сом, Парижге бара албай калган жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаевге эки бөлмөлүү батир жана 500 миң сом ыйгарды.
Ошондой эле коло медаль алган балбан Акжол Махмудовго 1 млн сом, жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго 250 миң сом сыйлык тапшырылган.
Мындан сырткары, дзюдочу, Олимпиаданын катышуучусу Кубанычбек Айбек уулу 250 миң сом, машыктыруучусу 100 миң сом алган.
Ош облусунун бийлиги дагы спортчулар менен машыктыруучуларга акчалай сыйлыгын берсе, Өзгөн, Алай райондорунун бийлиги аргымак мингизген.
Буга чейин мамлекет Мунарбек Сейитбек уулуна 10 миллион сом, Акжол Махмудовго 7 миллион сом, Айбек Кубанычбек уулуна 500 миң сом жана ар бирине автоунаа берген.
Олимпиада оюндары — 2024
Мунарбек Сейитбек уулуна эл аралык уюм 25 миң доллар бериши мүмкүн