Сузакта кармалган "инкарчылар" балдарын мектепке берүүгө ынанышты

Түшүндүрүү иштери экстремисттик идеологияны жайылткандар арасында жана алардын үй-бүлөсүндө жүргүзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Балдарын мектепке бербей, бейтапканага каттатпай койгон "Йакын-Инкар" уюмунун төрт мүчөсү экстремисттик идеологиядан баш тартып, светтик жашоого макул болушту. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сузакта экстремисттик идеологияны активдүү жайылткан 44, 52, 54, 58 жаштагы жарандар 29-июнда кармалган.
"Алар ишенимдеринен улам үй-бүлө мүчөлөрүнө орто билим алууга жана медициналык тейлөө кызматтарын пайдаланууга жол беришкен эмес. Жаза аткаруу кызматынын №53 мекемесинде камакка алынгандардын арасында экстремисттик идеологиядан баш тартуу боюнча тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада алар "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик агымынын идеологиясынан баш тартышты", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле түшүндүрүү иштери алардын үй-бүлөсүндө дагы жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында балдары жаңы окуу жылдан баштап мектепке барып, поликлиникага каттала турган болушту.
Муфтий: деструктивдүү агымдар күчөп жатат, ага каршы илимий күрөш жүргүзүү зарыл