Чолпон-Атада 10 өлкөдөн келген суучулдар тажрыйбасын жогорулатууда

Ысык-Көлгө Казакстан, Россия, Сауд Араб Падышачылыгы, Малайзия, Сербия, Палестина, Тунис, Мали, Иордания, Ливандан адистер келген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Чолпон-Атадагы Суучулдар борборунда 10 өлкөнүн суучулдары тажрыйбасын жогорулатууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
1 / 4

Чолпон-Атадагы Суучулдар борборунда 10 өлкөнүн суучулдары тажрыйбасын жогорулатууда

2 / 4

Адистер Казакстан, Россия, Сауд Араб Падышачылыгы, Малайзия, Сербия, Палестина, Тунис, Мали, Иордания, Ливандан келген.

3 / 4

Аларга ӨКМдин адистери бийик тоолуу аймакта 30 метр тереңдикке чейин чумкуу, суу астындагы авариялык-куткаруу, техникалык жумуштарды жасоо, биринчи жардам көрсөтүү, кесиптик ооруларды алдын алуу боюнча практикалык жана теориялык сабактарды өтүшүүдө

4 / 4

Мындай тоо куткаруучулары жана суучулдары кесиптик тажрыйбаларын жогорулатуу максатындагы окутуулар жыл сайын өткөрүлүп турары кошумчаланды.

Маалыматка ылайык, адистер Казакстан, Россия, Сауд Араб Падышачылыгы, Малайзия, Сербия, Палестина, Тунис, Мали, Иордания, Ливандан келген.
"Аларга ӨКМдин адистери бийик тоолуу аймакта 30 метр тереңдикке чейин чумкуу, суу астындагы авариялык-куткаруу, техникалык жумуштарды жасоо, биринчи жардам көрсөтүү, кесиптик ооруларды алдын алуу боюнча практикалык жана теориялык сабактарды өтүшүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Мындай тоо куткаруучулары жана суучулдары кесиптик тажрыйбаларын жогорулатуу максатындагы окутуулар жыл сайын өткөрүлүп турары кошумчаланды.
Радио
Аламанов: суучулдар кээде кызмат маалында психологиялык соккуга кабылат