ИИМ кызматкерлери Россиядагы "Кобальт — 2024" машыгуусуна катышууда

Машыгуу 13-августта башталганы жана 16-августта жыйынтыкталары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Россияда "Кобальт — 2024" эл аралык машыгуусу өтүп жатат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
1 / 3

Россияда "Кобальт — 2024" эл аралык машыгуусу өтүп жатат

2 / 3

Ага ИИМдин Атайын багыттагы полкунун өздүк курамы жана Ички аскерлердин кызматкерлери катышууда.

3 / 3

Машыгуу укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүнүн заманбап коркунучтар жана чакырыктар менен күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган

Маалыматка ылайык, ага ИИМдин Атайын багыттагы полкунун өздүк курамы жана Ички аскерлердин кызматкерлери катышууда.
"Машыгуу укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүнүн заманбап коркунучтар жана чакырыктар менен күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган", — деп жазылган маалыматта.
Машыгууга төмөнкү контингенттер катышууда:
ЖККУга мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрү;
Беларусь, Кыргызстан жана Тажикстандын ички иштер министрликтери;
Казакстандын Улуттук гвардиясы жана Росгвардия;
Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын атайын кызматтарынын өкүлдөрү;
Беларусь, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
ЖККУнун катчылыгынын жана Бириккен штабынын ыкчам топтору.
Машыгуу 13-августта башталып, 16-августта жыйынтыкталары кошумчаланды.
Кыргызстанда өтө турган ЖККУнун машыгууларына Армения катышпайт