Чолпон-Атада Борбор Азиянын өзгөчө кырдаалдар ведомстволорунун форуму өтүүдө

Жыйында ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев табигый кырсыктарды алдын алууга багытталган кадамдарды жасоого убакыт жеткенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Чолпон-Атада Борбор Азиянын өзгөчө кырдаалдар ведомстволорунун форуму өтүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
1 / 2

Чолпон-Атада Борбор Азиянын өзгөчө кырдаалдар ведомстволорунун форуму өтүүдө

2 / 2

Маалыматка ылайык, ага Казакстандын, Өзбекстандын ӨКМ башчылары, Тажикстандан министрдин орун басары жана БУУнун Кыргызстандагы кеңсесинин туруктуу координаторунун жана Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун өкүлдөрү катышууда.

"Жыйында климаттын өзгөрүшү, өзгөчө кырдаалдарга туруштук берүү жана алдын алуу, табигый кубулуштарга мониторинг, божомолдоо жүргүзүү, кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана гуманитардык жардамдар тууралуу талкуу жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Жыйынга төрагалык кылган Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев табигый кырсыктарды алдын алууга багытталган кадамдарды жасоого убакыт жеткенин белгиледи. Ал аталган форум Борбор Азия өлкөлөрүнүн стратегиялык кадамдарын аныктаган аянтча болуп саналарын билдирди.
Чолпон-Атада 10 өлкөдөн келген суучулдар тажрыйбасын жогорулатууда