Бишкекте "Мототранспорт" рейди жүрүп, 130 техника айып короого киргизилди

Рейд 16-августка чейин, ал эми мототехникалардын жол эрежесин сактоосун көзөмөлдөө тынымсыз улантылары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Бишкекте "мототранспорт" аталышындагы рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чара 14-августта башталып, кечээ 130дан ашык мото-скутер, мопеддер айып короого киргизилген.
"Акыркы учурда Бишкек шаарында ар кандай модификациядагы мототранспорт каражаттарынын айдоочуларынын катышуусунда жол кыймылынын башка катышуучуларынын өмүрүнө жана ден соолугуна реалдуу коркунуч туудурган, жол коопсуздугуна терс таасирин тийгизген, жол кыймылына тоскоолдук жараткан жол-транспорт кырсыктары көп катталууда. Жогоруда көрсөтүлгөн терс көрүнүштөрдү болтурбоо жана алдын алуу максатында "Мототранспорт" аталышындагы рейд жүргүзүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле аталган рейд 16-августка чейин уланары белгиленип, ал эми мототехникалардын жолдо жүрүүсүн жана жол эрежесин сактоосун көзөмөлдөө тынымсыз улантылары кошумчаланды.
Самокатчыларды жөнгө салып, айыпка жыга турган мыйзамга кол коюлду