Кыргызстандык 25 өспүрүм күрөш боюнча дүйнө чемпионатына барат

Мелдештер Иорданиянын Амман шаарында өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Спорттук күрөш боюнча өспүрүмдөр (U-17) курама командасы дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, чемпионат Амман шаарында (Иордания) 19-августтан 25-августка чейин болот. Ага Кыргызстандын грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү барат.
Грек-рим күрөшү боюнча курамдын тизмеси:
Бекжан Бейшембаев – 45 кг;
Ислам Темирбеков – 48 кг;
Кутман Калбаев – 51 кг;
Билал Хурилаев – 55 кг;
Элдар Мурзакулов – 60 кг;
Арафат Жамалбеков – 65 кг;
Илгиз Каныбеков – 71 кг;
Ооматбек Арстанбеков – 80 кг;
Нурдан Балтабаев – 92 кг;
Дастан Мухтаров, улук машыктыруучу.
Эркин күрөш боюнча курамдын тизмеси:
Садыр Кайыпбеков – 45 кг;
Эрбол Болотов – 48 кг;
Марлен Абдраимов – 51 кг;
Курсантбек Исаков – 55 кг;
Өмүрбек Асан уулу – 60 кг;
Рустамжан Кахаров – 65 кг;
Нурсадык Нурдинов – 71 кг;
Самидулла Алимжанов – 80 кг;
Алихан Адылбеков – 92 кг;
Азат Мирахимов, улук машыктыруучу.
Кыздар курама командасынын тизмеси:
Айназ Абдыкадырова – 46 кг;
Асема Төрөгелдиева – 49 кг;
Диана Амантурова – 53 кг;
Камила Күмүшбекова – 57 кг;
Акылай Чыныбаева – 73 кг;
Билимбек Капарбек уулу, улук машыктыруучу.
Олимпиада оюндары — 2024
Кыргыз балбандарынын Олимпиадада атаандаштарын көтөрүп чапкан учурлары. Видео