ТИМ: АКШда сабалган адам Кыргызстанда төрөлгөн россиялык жаран экени аныкталды

Жабырлануучу Россиянын жараны экени, кол салуудан паспортун жана аскердик билетин жоготуп алганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. АКШда сабалды делген адам Кыргызстандын жараны эмес болуп чыкты. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Буга чейин Лос-Анжелесте өспүрүмдөрдүн тобу Кыргызстандын жаранына кол салып, аны тоноп, машинасын талкалап кетишкени айтылган. Жабыркаган Шайлообек Базарбай уулун окуянын күбөсү сактап калган. Видео бар экенине карабай Лос-Анжелестин полициясы эч кимди жазалабаганы айтылган.
"Министрлик Чикагодогу Кыргызстандын Башкы консулдугу Лос-Анджелестеги Кыргызстанда туулган Б.Ш. менен болгон окуяга ыкчам тартипте жооп кайтаргандыгын жана жабырлануучу менен байланышта болуп тургандыгын маалымдайт. Жабырлануучу Россиянын жараны экенин, кол салуудан паспортун жана аскердик билетин, ошондой эле АКШга тиешелүү башка ички документтерин жоготуп алганын билдирген. Андан сырткары, жергиликтүү полиция менен күн сайын кызматташып, тергөө штаттык режимде уланып жатканын жана тергөөнүн жүрүшүнө ыраазы экенин белгилеген", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле жабырлануучу эч кандай каржылык жана башка жардамга муктаж эмес экени кошумчаланды.
Кыргызстандык Россияда 8-кабаттын терезесине чыгып алган бөбөктү куткарды