Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Ак үй: Киевдин Курскиге жасалган чабуулуна АКШнын тиешеси жок

Маалымат катчы Карин Жан-Пьердин айтымында, "чабуулдук аракеттери тууралуу Киев өзү бирдеме деши керек".
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. АКШ Украина Куралдуу күчтөрүнүн Курск облусуна койгон чабуулун даярдоого же пландаштырууга катышкан эмес. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер брифингде билдирди.
Ал кол салуу аракеттерине Киев өзү комментарий бериши керектигин белгилеген.
"Биздин бул операцияны даярдоого же пландаштырууга тиешебиз жок. Жалпысынан алганда биз Россиянын чабуулунан коргонуу жаатында Украинаны мындан ары да колдой бермекчибиз", — деди маалымат катчы.
Буга чейин Bloomberg агенттиги өзүнүн ишенимдүү адамдарына таянып Украина АКШ жана Евробиримдиктин макулдугу менен Россияга күтүүсүз кол салуу боюнча бир нече сценарийди карап келгенин жазган.
Эскерте кетсек, 6-август күнү Курск облусуна кирип келген Украина Куралдуу күчтөрү РФ армиясы тарабынан токтотулуп, Киев 2,3 миң аскеринен жана 37 танкынан ажыраганы айтылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШда Украина Россиядагы чагымы үчүн кайсы шаарларынан кол жууй турганы айтылды