Олимпиада оюндары — 2024

Казак олимпиадачыларынан COVID-19 аныкталып, Токаев менен жолугушуусу жылды

Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Париждеги Олимпиадага катышып келген спортчулардан COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу Sputnuk Казакстан жазды.
Маалыматка ылайык, мындан улам алардын Казакстандын президенти менен бүгүнкүгө мерчемделген жолугушуусу жылдырылган.
Спортчулардын кимиси аталган дартты жугузуп алганы айтылган жок.
Касым-Жомарт Токаевдин маалымат катчысы Берик Уали билдиргендей, жолугушуу августтун соңуна пландалууда.
Олимпиада оюндары — 2024
"Неберем айнытты". Эрдоган Олимпиаданын ачылышына эмне үчүн барбагандыгын айтты