Автогаз боюнча кырдаал сентябрдын ортосунда турукташарын айтышты

Нефтетрейдерлерге автокөлүктүн саны өскөндүгүн эске алып, ташып келчү көлөмдү да кайра караштырып чыгышы керектиги сунушталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Кыргызстандагы газ боюнча кырдаал сентябрдын ортосунда турукташарын Антимонополия кызматынын өкүлү Сыргак Оморов "Биринчи радиого" берген маегинде айтып берди.
Июнь айында республика ичинде газдын тартыш болгон себептерин ал бир нече жагдайдан алып түшүндүрдү.
Маселе логистиканы жеткирүүдө чыккан көйгөйлөр менен темир жолдун составынын ташып жетишпей жатканынан пайда болгон. Көгүлтүр отту ирилеринен алган чакан газ бекеттеринде аталган продукция жок болуп, андан улам ирилеринде машиналардын кезеги жаралган.
Бул жерде башка мамлекеттердин ички рынокторундагы өзгөрүүлөр да себепкер болгон. Адис Кыргызстан Россиядан ала албаган газдын калган бөлүгүн Казакстандан импорттоп келгенин, май айында Астана автогазды экспорттоого тыюу салганы кырдаалды курчутууга өзүнүн салымын кошконун айтты.
Кыргызстанда газ менен жүргөн автоунаалар арбыгандыгын бул жагдайда кырдаалды кыйындатып жатканы белгиленген. Сырттан ташып келгендер темир тулпарларга газ баллон жабдууларын орнотушуп, аны менен гана иштегендерин алып келип жатканын кошумчалашты.
Оморов анткен менен кыйын кырдаал өтүп кеткендигин, маселени чечүү мамлекеттик деңгээлде каралып жатканын айтты. Мындан сырткары, Кара-Балтадагы "Жунда" заводу автогаз чыгара баштаганын, чакан газ бекеттери көгүлтүр отту алардан сатып алса болорун эске салды.
Антимонополия кызматынын өкүлү нефтетрейдерлер автокөлүктүн саны өскөндүгүн эске алып, ташып келчү көлөмдү да кайра караштырып чыгышы керектигин кошумчалады.
Радио
Автогазга байланыштуу абал качан жөнгө салынары айтылды