16-августка карата аба ырайы

16-августта туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда сел жүрүшү ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Жума күнү республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөсө, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +30…+35, Талас аймагында +29…+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32…+37, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +26…+31 градус жылуу болот.
Борбор каалада күндүн табы +32…+34 градус болсо, Ош шаарында +35…+37, Чолпон-Атада +28...+30 градуска чейин көтөрүлөт.
Бүгүн-эртең сел жүрүп, таш кулашы ыктымал. ӨКМ карта жарыялады