КРда алгач ирет “Туңгуч” онлайн-мектеп ишке кирет. Кандай платформада, шартта иштейт?

Sputnik
Билим берүү жана илим министрлиги "Туңгуч" аттуу онлайн-мектепти ачууну сунуштады. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Министрликтин бардык балдардын билим алуу укугун камсыз кылуу жана окутуу тартиби атайын жободо жазылган. Онлайн-мектептин артыкчылыгы баланын ден соолугу боюнча абалына жана жашаган жерине карабастан билим алууга мүмкүнчүлүк түзүү экенин Лира Самыкбаева билдирди.
Окутуунун ар кандай синхрондуу (бардык балдар онлайн-режимде кошулганда) жана ассинхрондук (алдын ала даярдалган видеоматериалдар аркылуу иштешүү) варианттары каралган.