Кыргызстан жаштары саясатка эмес, жаратмандыкка маани бере баштады. Кандай өзгөрүүлөр бар?

Sputnik
Өлкөнүн келечеги жаштар жана эртеңки күн алардын бүгүнкү дараметине жараша болору айтылат. Негизи Кыргызстандын жаштары кандай багытта иш алып барып, кайсы багытка артыкчылык берүүдө. Жакшылык Бекназаров мурда жаштар саясатка гана кызыкса, азыр жаратмандыкка маани берилип калганын айтты. Демек коом да өзгөрүүдө. Ал эми БУУнун адиси Асел Тургунова жаштардын үнүн бүгүн угуп, аларга да ишенип иш тапшыруу керектигин билдирди.
Бүгүн дүйнөдөгү климатизация, экология өңдүү бир катар көйгөйлөрдү чечүүдө эл аралык уюм багытты жаштарга буруп жатканын айтты.