Кечээ Улуттук банк 59,8 млн. доллар сатты

Сом жана доллар купюралары. Иллюстративдик сүрөт
Шейшембинин таңына салыштырмалуу доллар дагы 30 тыйынга кымбаттаган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. 13-август күнү Улуттук банк валюта рыногуна 59,8 миллион доллар сатты.
Эскерте кетсек, августтун башынан тарта доллардын баасы жогорулай баштаган. Кечээ сатуунун орточо курсу 85,91 сом болсо, бүгүн 86,21 сомго чыкты.
Банктарда доллар 86,2 сомдон, ал эми акча алмаштыруучу жайларда 86,3 сомдон сатылууда.
Бул Улуттук банктын августтагы экинчи интервенциясы, бейшемби күнү рынокко 51 миллион 650 миң доллар чыгарган.
Алтын куймалар. Архив
Улуттук банктын резерви дээрлик 4 млрд. долларга өстү