Түркия аймагына киргендерден манжа изин алган эрежени киргизүү ниетинде

Түркиядагы мигранттардын басымдуу бөлүгү сириялыктар экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Түркия бийлиги аймагына кирген чет элдиктерден манжа изин алууну көздөгөн талапты киргизгени жатат. Бул туурасында Sabah гезити билдирди.
Түркиянын ИИМ башчысы Али Ерликая миграциялык көзөмөлдүн бул системасын АКШ жана Улуу Британия сыяктуу киргизүү пландаштырылып жатканын айткан.
Андан сырткары, утурумдук коргоодогулар статусун алгандарга чиби бар күбөлүк берүү мерчемделүүдө. Бул биринчи иретте Сириянын жарандарына тиешелүү экендигин айтылды.
Бүгүнкү күндө Түркияда 4,44 миллион мигрант болсо, анын 3,1 миллиону сириялыктар.
Россияда мигранттарды каттоодо биометрика, манжа изин алуу сунушталды