Токмокто интернат жетекчилери майыптарды иштетип, айлыгын өздөрү алып турган

Sputnik
БИШКЕК, 14-Авг. — Sputnik. Башкы прокуратура Токмоктогу №2 психоневрологиялык стационардык мекеменин жетекчилигине кылмыш иши козголгонун кабарлады.
Маалыматта текшерүү жүрүп, интернаттын жетекчилери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү четелген төрт кишини жумушка алып, алардын айлыгын өздөрүнө ыйгарып турушканы айтылат.
"Мындан тышкары, мекеменин жетекчилери 2022-жылдын ноябрынан 2024-жылдын июнь айына чейин ай сайын жакынсынткан 16 кишисине 22,5 миң сомдон 33,7 миң сомго чейин мыйзамсыз сый акы чегерип келген. Мамлекетке 13,8 миллион сом зыян келтирилгени аныкталды. Бул боюнча "Ишенип берилген мүлктү чыгымдоо же өзүнө ыйгарып алуу" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду", — дешти Башкы прокуратурадан.
Кеминде чет өлкөдө жүргөндөрдү "окуткан" автомектеп аныкталды