Райым Матраимовдун иниси Тилек Матраимовдон 300 миң сом өндүрүлдү

Тилек Матраимовго айып 2019-жылы райондун акими болуп турганда жер алдындагы өтмөктүн курулушуна байланыштуу тагылган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Ош облустук сотунун чечими менен Кара-Суу районунун экс-акими Тилек Матраимовдон мамлекеттин пайдасына 300 миң сом өндүрүлдү. Бул тууралуу облустук соттон кабарлашты.
Мындай чечим Матраимовдун күнөөсүн моюнга алуу боюнча макулдашууга кол койгонуна байланыштуу кабыл алынган.
Тилек Матраимов — мурдагы бажычы Райым Матраимовдун бир тууган иниси. Ал Исламбек, Руслан аттуу бир туугандары менен Райым Матраимовдун артынан эле колго түшүрүлгөн.
Кара-Суу районунун экс-акими Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган.
Тилек Матраимовго айып 2019-жылы райондун акими болуп турганда Кара-Сууда жер алдындагы өтмөктүн курулушуна байланыштуу тагылган.
Көлбаев менен Матраимовдун мүлкү аукционго коюлду