УКМК Тамчы аэропортунун жанына кулаган дрон боюнча түшүндүрмө берди

Маалымат каражаттарында аба майдандын жанына учак кулаганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Балыкчы шаарындагы полигондо өткөрүлүп жаткан машыгуу учурунда тактикалык мини-дрон Тамчы аэропрортуна конордо кулап, өрт чыкты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, маалымат каражаттарында аба майдандын жанына учак кулаганы айтылган. УКМКнын Чек ара кызматы карамагындагы учкучсуз аппараттардын баары, анын ичинде Bayraktar да бар, зыянга учурабастан турганын белгиледи.

"Бүгүн Балыкчыдагы полигондо тактикалык мини-дрондун жаңы түрү сыналган. Тамчы аэропортуна конордо көздөгөн жерине жетпей кулап, өрттөнө баштаган. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок. Учурда аба майдандын аймагында тазалоо иштери жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Дрондун кулаган себеби такталууда.
Сентябрдын соңунан тарта өлкө аймактарына учактар каттай баштайт. Билет баасы