Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Белгород облусунда аймактык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Курск, Белгород жана Брянск облустарына антитеррордук операция режими киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Россиянын Белгород облусуна аймактык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу региондун губернатору Вячеслав Гладков билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, аймакта кырдаал өтө оор жана курч бойдон калууда.

"Украина Куралдуу күчтөрү күн сайын аткылап, үйлөр талкаланып, тургундар жарадар болууда. Ошондуктан бүгүндөн тарта Белгород облусунда калкты коргоо, жабыркагандарга колдоо көрсөтүү үчүн аймактык деңгээлде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Кийин федералдык деңгээлде өзгөчө кырдаал режимин жарыялоо өтүнүчү менен өкмөттүк комиссияга кайрылуу болот", — деген Гладков.

Эске салсак, 6-августта украин аскерлери Курск облусундагы Суджан районун басып алууга аракет кылган.
Курск, Белгород жана Брянск облустарына антитеррордук операция режими киргизилген. Ал эми Курск федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режиминде.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Курскиде 28 айыл Украина аскеринин көзөмөлүндө. Ушу саатка дагы эмне белгилүү