Тарыхты тактоого нар көтөргүс салым кошту. Президент Бүбүйра Кыдыралиеваны эскерди

Жапаров “Улут аталары жөнүндө” жарлык кабыл алынган жылы Кыдыралиеванын өмүр менен кош айтышканына ичи ачышып жатканын жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров репрессия курмандыктарынын сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиеванын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу жакындарына көңүл айтып, анын өлкө үчүн жасаган эмгегин эскерди.
Президент Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгы белгиленип жаткан жылы, “Улут аталары жөнүндө” жарлык кабыл алынган жылы Кыдыралиеванын өмүр менен кош айтышканына ичи ачышып жатканын жазган.

"Бүбүйра апанын “Ата-Бейит” апааты боюнча сырын ачпаганда биз мамлекет түптөөчү аталарыбыздын бир далайын билбей каларыбыз анык эле. Ата Мекени үчүн башын сайган аталардын баа-баркы бүгүнкүдөй ачылбай, алардын укум-тукумдарынын көксөөсү суубай кала бермек беле, ким билет? Кандай болгон күндө дагы тарыхыбызды тактоого, ата-бабаларыбыздын урпактары үчүн өмүрүн сайып, өзүнчө мамлекет болууга жасаган эмгектерин ачып чыгууга нар көтөргүс салымын кошту.

Эң өкүнүчтүүсү, бабаларыбыздын көксөгөн мүдөөсү болгон Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгын белгилөөгө Бүбүйра апа катышып, ошол ата-бабалардын эбегейсиз эмгектеринин даңазаланышын өз көзү менен көрүп калса болбойт беле..." — деген өлкө башчы.
Кыдыралиева 96 жашында көз жумду. Ал кыргыз коомчулугуна Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Жусуп Абдырахманов сыяктуу 1938-жылдагы репрессиянын курмандыктарынын кайда көмүлгөнүн айтып берген.
Кыргыздын саясий жана коомдук ишмерлери репрессияга кабылып атууга кеткенде ал 10 жашта эле. Бул трагедиялуу сырды ага атасы кийин коомчулукка айтууну керээз катары калтырып кеткен.
Бул ишти Кыдыралиеванын айтып берүүсү менен КГБнын кызматкери Болот Абдрахманов Чоң-Ташта көмүлгөн кыргыз интеллигенциясынын каймактарынын жаткан жерин иликтеп чыгып, коомчулукка дайын болгон. 2000-жылы ал жерде "Ата-Бейит" мемориалдык музейи түптөлгөн.
Кандуу кара келтектин курмандыктарын кучагына алган "Ата-Бейит". Архивдик сүрөттөр