Кыргызстанда окуу 2-сентябрда башталат

Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызстанда быйыл окуу 2-сентябрда башталат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева маалымат жыйын учурунда билдирди.
Эскерте кетсек, 1-сентябрь жекшемби болот.
Министрдин айтымында, билим күнүнө байланышкан бардык салтанаттар 2-сентябрь, дүйшөмбү күнү, өтөт.
1-класска 113 миңден ашуун бала кабыл алынды. Каттоо уланууда