Олимпиада оюндары — 2024

Мунарбек Сейитбек уулуна эл аралык уюм 25 миң доллар бериши мүмкүн

Жакында эле Париж Олимпиадасынан күмүш медаль алып келген мушкер Мунарбек Сейитбек уулу. Архивдик сүрөт
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Жакында эле Париж Олимпиадасынан күмүш медаль алып келген мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна Бокс боюнча эл аралык ассоциация (IBA) экинчи орунду ээлегени үчүн 25 миң доллар төлөп бериши мүмкүн.
Акчалай сыйлык боюнча маалымат аталган уюмдун сайтына мурдараак, тагыраагы, 2024-жылдын 29-майында жарыяланган.
Дагы 25 миң доллар суммасындагы каражат каралып, спортчуга жана анын машыктыруучуларына (ичинде улуттук федерацияныкы да бар) бөлүп берилери айтылган.
Эске салсак, Мунарбек Сейитбек уулуна Париждеги ийгилигинен кийин кыргыз бийлиги 10 миллион сом жана автоунаа тапшырган. Андан сырткары, устаттарына да акчалай сыйлык берилген.
Президент Садыр Жапаров Олимпиададан кайтып келген спортчуларды тосуп алуу аземинде
Олимпиада оюндары — 2024
Садыр Жапаров: кыргыз спортунун тарыхы жаңыдан жазылууда!