Өлкө мектептериндеги шарт бирдейлештирилип, гимназия макамы жоюлат

Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызстанда мектептердин гимназия макамы жоюлат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева маалымат жыйын учурунда билдирди.
Министрлик муну менен орто мектептердин шардын бирдей кылмакчы. Кендирбаева билим берүү тууралуу жаңы мыйзам күчүнө киргенин айтып, анда окуу жайлардын макамы жөнүндө айтылбаганын белгиледи.

"Мындан улам эми мындай макамды берүүгө мүмкүн болбойт. Бирок аккредитациянын мөөнөтү бүтө элек мектептердин гимназия макамы убактысы келгенге чейин сакталат. 2028-жылдан тарта окуу жайлардын баары орто мектеп болот", — деди Кендирбаева.

Ал ушу тапта мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу 11 мектептен гимназия макамы алынганын белгиледи.
Кендирбаева быйыл Кыргызстанда окуу 2-сентябрда башталарын да айтты.
Бишкекте 30 мектеп саат 07:30дан баштап окууга өткөрүлөт. Тизме