Ат-Башыда минивэн жүк ташыган унааны сүзүп, ичиндеги үч адам көз жумду

Кырсык кечээ саат 16:05тер чамасында болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 378-чакырымындагы автокырсыктан үч адам каза болду. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ болжол менен саат 16:05терде 22 жаштагы Т.А. аттуу адам айдап бара жаткан Honda Stepwgn менен Howo жүк ташыган унаа сүзүшкөн. Жеңил унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып кеткени белгиленди.
Кырсыктан үч адам (ичинде Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу бар) ошол жерден көз жумган. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүргүзүлүүдө.
ЖКККББ эреже бузулган учурлардын сүрөт-видеосун 0777 102-102 номерине жөнөтүп, жол кырсыктарын алдын алууга көмөк кылууну өтүндү.
Ноокендеги үрөй учурган кырсык алты адамдын өмүрүн алып кетти. Видео