Күн сайын расмий курсу жарыяланган валюталардын катарына юань кошулат

Учурда Кытай валютасынын курсу жумасына бир жолу гана айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Улуттук банк күн сайын расмий курсу жарыяланган валюталардын катарына Кытай юанын кошту.
Чечим 1-сентябрдан тарта күчүнө кирет. Учурда юандын сомго карата курсу аптасына бир жолу жарыяланат. Улуттук банк күн сайын евро, доллар, рубль жана теңгенин курсун жарыялайт.
Расмий курсту чечмелөөнүн жөнөкөй жана татаал жолу бар (доллардын мисалында):
жөнөкөй — мурдагы күн үчүн орточо курс;
татаал — расмий курс, мисалы, шаршемби үчүн курс шейшемби кечинде жарыяланат, ал дүйшөмбү саат 15:00дөн шейшемби 15:00гө чейин доллар менен болгон операциялардын негизинде аныкталат.
Дагы маанилүү маалымат:
Улуттук банк, коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлар валютаны расмий курс боюнча сатып алууга/сатууга милдеттүү эмес;
валюта курсу бул божомол эмес;
доллардын жана башка валютанын расмий курсу бажы төлөмдөрүн, салыктарды жана башкаларды эсептөөдө колдонулат.
Кечээ Улуттук банк 59,8 млн. доллар сатты