ТИМ кыргыз жарандарына Россиянын үч облусуна барбай турууну сунуштады

Учурда Курскиде федералдык, Белгороддо аймактык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарына Россиянын үч облусуна барбай турууну сунуштады.
Маалыматка ылайык, бул Курск облусунда федералдык, Брянск жана Белгород облустарында аймактык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине байланыштуу.
"Аталган аймактарга абал турукташканга чейин убактылуу барбай туруу сунушталат", — деп айтылат маалыматта.
Жарандар зарылдык болсо Россиядагы элчиликтин +7 (925) 2855047, +7 (925) 1155047 номерлери аркылуу жардам же консультация алса болот.
Эске салсак, 6-августта украин аскерлери Курск облусундагы Суджан районун басып алууга аракет кылган. Мындан улам Курскиге федералдык, Белгород, Брянскиге аймактык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Курскиде 28 айыл Украина аскеринин көзөмөлүндө. Ушу саатка дагы эмне белгилүү